Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдор пайда болот. Долбоор колдоо тапты

Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдор пайда болот. Долбоор колдоо тапты

Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Автомобиль жолдору жѳнүндѳгү» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу автомобиль жолдорунун тармагын кеңейтүү менен улуттук жолдор тармагын дүйнөлүк унаа тармагына ийгиликтүү интеграциялоо аркылуу экономиканын өсүүсүнө түрткү берүү максатталган.

Ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, жолдордогу коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу жаатында бизнестин жол жумуштарына жана инфратүзүмдүк долбоорлорго катышуусуна түрткү берүү сунушталууда. Муну менен акы төлөнүүчү жолдор түшүнүгү киргизилүүдө.

Талкуу маалында депутаттар акы төлөнүүчү жолдор кандай шарттарда иштей турганына кызыгышты. Ал эми депутат Алишер Козуев Жол фондуна түшкөн кирешелер боюнча маселени көтөрсө, депутат Тазабек Икрамов курулуш иштеринин сапатына токтолуп, өзгөчө аймактардагы жаңы жолдордун абалы начар экенин кошумчалады.

Андан тышкары, депутат Бахридин Шабазов Балыкчы — Чолпон-Ата жолун реконструкциялоо долбоору качан аяктай турганын сурады.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү жол тармагын мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде өнүктүрүү зарылчылыгын белгилешип, мыйзам долбоорун колдошту.

Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги акы төлөнүүчү жолдорго кайсы жолдор кирерин айтып, бул боюнча түшүндүрмө берген.

Ошондой эле, Ырысбек Бариев акы төлөнүүчү жолдор мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн жардамы менен куруу пландалып жаткандыгын белгилеген.

“Акы төлөнүүчү жолдорго Өзгөн айланма жолу, Алмата — Чолпон-Ата жолу, Бишкек шаарындагы батыш айланма жолу, Сосновка— Бишкек жолу, Төө-Ашууда курула турган жаңы туннелдин жолу кирет”, — деген Ырысбек Бариев жолдор оңдолгондон кийин акы төлөөгө киргизилерин жана жолдордун тизмеси толукталарын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>