Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Ысык-Көлдө аскер бөлүктөн качып кеткен жоокер табылды
04.04.2023 | 15:27
Ысык-Көлдө быйыл жазында Чек ара кызматына аскерге чакырылган жоокер аскер бөлүгөнөн качып кеткен. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жоокер 1-апрелде №2028 аскер бөлүгүнөн качып кетип, 2-апрелде табылган. Жоокер аскер бөлүгүнө алынып келип, ал менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
“Аскер бөлүгүнөн уруксатсыз кетип калуу фактысы боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат”, – деп билдиришти Чек ара кызматынан.
Белгилүү болгондой, жоокер ата-энесин сагынып, тартипке көнө албагандыктан аскер бөлүгүнөн качканын айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом