Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта КРнын БУУдагы өкүлү Касымалиеванын ата-энеси каза болгону айтылды

Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта КРнын БУУдагы өкүлү Касымалиеванын ата-энеси каза болгону айтылды

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылында 17-июлда болгон жол кырсыкта Ош облустук китепканасынын жетекчиси Бактыгүл Мырзаева, анын жолдошу жана небереси көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Каза болгондор Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси экени белгилүү.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсык Каракол- Балыкчы жолунун 59-чакырымында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Ош облусунун 68 жаштагы тургуну К.К. Toyota Avensis унаасын чыгыштан батышты көздөй башкарып бара жатып, Өрнөк айылынын ичинде кайра чыгыш тарапка бурулуп жатканда, аны артында келе жаткан Mercedes-Benz унаасы сүзгөн. Mercedes’ти Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну Т.А. айдап келе жаткан.

Жол кырсыктын айынан Toyota Avensis’тин айдоочусу 68 жаштагы К.К., анын 68 жаштагы жубайы М.Б. жана 9 жаштагы небереси М.К. көз жумган. Ошондой эле Mercedes-Benz унаасынын 20 жаштагы айдоочусу Т.А., 23 жаштагы жүргүнчүлөр Т.У. жана Ж.А. (Бишкек шаарынын тургундары) жаракат алып, Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылган.

Жол кырсыктын келип чыгышынын жагдайларын аныктоо үчүн соттук-медициналык жана соттук-техникалык экспертизалар дайындалган. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>