Ысык-Көлдөн жол эрежесин бузган “Lamborghini” Бишкекте кармалды
Социалдык тармактарда тараган видеодо Ысык-Көл облусунун аймагында “Lamborghini” үлгүсүндөгү кымбат баалуу автоунаа каршы тилкеге чыгып, жол кыймылынын башка катышуучуларына олуттуу тоскоолдук жараткандыгы көрсөтүлгөн.
Бул факт коомчулукта кеңири талкуу жаратып, андан кийин Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан автоунаа изделип табылды. Тартип сакчылары автоунаанын айдоочусуна жол эрежелерин бузганы үчүн 16 миң сом айып салганын маалымдашты.
Мындан тышкары, ИИМдин өкүлдөрү 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта ушундай одоно эреже бузгандар кайрадан айдоочулук экзамен тапшырууга милдеттендириле турганын эскертишти. Бул чаралар жол коопсуздугун күчөтүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатын көздөйт.