Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
Зардалыга кеткен жалгыз жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө
06.08.2024 | 15:35
Баткендеги Зардалы айылына кеткен жалгыз жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргызстандагы алыскы айылдардын бирине кеткен Сох – Кан – Зардалы жолунун узундугу 85 чакырымды түзөт. Учурда жолчулар 78-85-чакырымдардагы бир унаа араң өтө турган жерлерди тазалап, кеңейтүү иштерин алып барууда.
“Белгилей кетсек, Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Кышы абдан катаал келген Зардалыны башка айылдар менен жалгыз бир гана унаа жолу туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөнгө дейре каттам үзүлбөйт”, – деп билдирет министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом