Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Кыргыз тилин билбегендер сот боло албайт. Президент мыйзамга кол койду
06.08.2024 | 15:10
Президент Садыр Жапаров «Соттордун статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалыматы кызматы билдирди.
Мыйзам 27-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык соттук кызматка талапкер мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) милдеттүү түрдө В1 деңгээлинде билиши кажет. Ал «Кыргызтесттин» сынагынан өтүп, тиешелүү сертификат алыш керек.
Ошондой эле соттолгондор, жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгондор жана оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн жазага тартылгандар дагы судья боло алышпайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом