“Жалал-Абад тазалык” муниципиалдык ишканасына жыл башынан бери элдин таштанды үчүн карызы 7 миллион 133 миң 313 сомду түздү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалым болгондой, каражаттын ичинен 5 миллион 220 миң 279 сом шаар тургундарынын карызы болсо, калган 1 миллион 388 миң 811 сом юридикалык ишканалардын бересеси. Ал эми бюджеттик мекемелер таштанды үчүн 5 миллион 24 миң 223 сом карыз.