Ташиев: Октябрдын аягында дары-дармектер арзандайт

Ташиев: Октябрдын аягында дары-дармектер арзандайт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин жыйынында Кыргызстандагы мафия мындан ары башын көтөрө албай турганын убада кылды.

Эске сала кетсек, бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин жаңы курамын дайындоо маселеси каралууда.

Депутат Шайлообек Атазов Ташиевден фармацевтикалык жана бензиндик мафия менен күрөшүүнү суранды.

Камчыбек Ташиев УКМК буга чейин фармацевтикалык мафия боюнча маселени көзөмөлгө алганын билдирди.

«Экөө камакта, бирок биз Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине кайрылабыз. Мурунку министр Космосбек Чолпонбаев жана анын эжеси да фарма-мафияга тиешеси бар, аны министрликтин деңгээлине көтөрүшкөн. Октябрдын аягында дары -дармектердин баасы кескин төмөндөйт», — деди Ташиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>