Жалал-Абадда эстремисттиктик уюмдун мүчөсү кармалды

25.09.2023 | 16:13

Жалал-Абад облустук милициясы экстремисттик жана террористтик уюмдун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жалал-Абадда социалдык тармактардын биринде өлкө аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик материалдарды таратып жүргөн жаран тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Сузак районунун 35 жаштагы Г.А. аттуу тургуну кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган.

“Жүргүзүлгөн соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган далил заттар Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «ИШИМ-Ирак», «Шам Ислам Мамлекети» (ИГИЛ) экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү материалдар экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top