1-октябрда пенсия көтөрүлөт. Пенсионерлер акчасын качан алат?

1-октябрда пенсия көтөрүлөт. Пенсионерлер акчасын качан алат?

Социалдык фонд Reporter.kg’ге 1-октябрда пенсия көтөрүлгөндөн кийин пенсионерлер акчаларын качан колго аларын билдирди.

Социалдык фонддон билдиришкендей, көбөйтүлгөн пенсия 10-октярдан тарта бериле баштап, 10-12-октябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүйдүн жакынкы айылдарында жашаган пенсионерлер акчасын колго алып калат. Ал эми калган аймактагылар, анын ичинде алыска айылдарда жашагандарга пенсиясы 18-октябрга чейин тиет.

Белгилүү болгондой, 1-октябрда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га, эң аз дегенде 500 сомго көтөрүлөт. Социалдык фонд 30 миң сомго чейин пенсия алган жарандардын пенсиясы көтөрүлөрү тууралуу кабарлаган. Ошондо пенсиясы аз жарандарга кеминде 500 сом жана 30 миң алгандарга 11,4 миң сомдой акча кошулат.

Белгилей кетсек, ар бир жарандын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү убагында канча камсыздандыруу төгүмүн чегергенине жараша аз же көп болот. Пенсияга кошумча акча камсыздандыруу бөлүгүнө жараша көбөйтүлөт.

6 миң жана 30 миң сом пенсия алгандарга канча акча кошулат? Жооп

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>