Президент Жапаровдун иниси дагы эки айга камакта калтырылды (видео)

Президент Жапаровдун иниси дагы эки айга камакта калтырылды (видео)

Бажыдагы коррупция иши боюнча шектүү катары кармалган, президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаровдун бөгөт чарасы узартылып, дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Улан Жапаровдун бөгөт чарасы 18-сентябрда Биринчи май райондук сотунда каралып, сот аны 26-ноябрга чейин камакта калтырган.

Ал №1 тергөө абагында камакта болот.

Белгилүү болгондой, Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат. Ал быйыл июль айынын башында бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен 26-июлга чейин камакка алынган. 20-июлда Бишкек шаардык сотунда анын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралып, ал 26-сентябрга чейин камакта калтырылган.

Аталган кылмыш ишин ИИМ тергеп жатат.

Президент Садыр Жапаровдун иниси эки айга камакта калтырылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>