Жалал-Абадда эстремисттиктик уюмдун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда эстремисттиктик уюмдун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облустук милициясы экстремисттик жана террористтик уюмдун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жалал-Абадда социалдык тармактардын биринде өлкө аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик материалдарды таратып жүргөн жаран тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Сузак районунун 35 жаштагы Г.А. аттуу тургуну кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган.

«Жүргүзүлгөн соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган далил заттар Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «ИШИМ-Ирак», «Шам Ислам Мамлекети» (ИГИЛ) экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү материалдар экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>