Жалал-Абадда мектеп-интернаттын директору кармалды (видео)
Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кол алдындагылардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган интернаттын Ч.Ч.А. аттуу директору 24-майда 20 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган.
“Ал директор кызматка дайындалган учурдан тартып, тактап айтканда, 2023-жылдын февраль айынан баштап ар кандай шылтоолор менен кол алдындагыларды айлык акысынын бир бөлүгүн ага берүүгө мажбурлаганы аныкталды. Бул мектеп-интернаттын мугалимдеринин орточо маянасы 20 миң сомдун тегерегинде экендигин белгилей кетүү керек. Анын 5 миң сомун директорго берүүгө аргасыз болушкан”, – деп айтылат маалыматта.
УКМК билдиргендей, мындан мурда аталган директор “мыйзам бузуулар үчүн жумуштан кетирем” деп мектептин ашпозчусун коркутуп, андан 17 миң сом алган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
[image_carousel source=”media: 190113,190112,190111″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз