Жалал-Абадда мектеп-интернаттын директору кармалды (видео)

Жалал-Абадда мектеп-интернаттын директору кармалды (видео)

Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кол алдындагылардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган интернаттын Ч.Ч.А. аттуу директору 24-майда 20 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган.

«Ал директор кызматка дайындалган учурдан тартып, тактап айтканда, 2023-жылдын февраль айынан баштап ар кандай шылтоолор менен кол алдындагыларды айлык акысынын бир бөлүгүн ага берүүгө мажбурлаганы аныкталды. Бул мектеп-интернаттын мугалимдеринин орточо маянасы 20 миң сомдун тегерегинде экендигин белгилей кетүү керек. Анын 5 миң сомун директорго берүүгө аргасыз болушкан», — деп айтылат маалыматта.

УКМК билдиргендей, мындан мурда аталган директор «мыйзам бузуулар үчүн жумуштан кетирем» деп мектептин ашпозчусун коркутуп, андан 17 миң сом алган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>