Жаңы билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин өмүр баяны
Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеште экс-депутат Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги жактырылды.
Анын талапкерлигин 77 депутат колдоп берди.
Каныбек Иманалиевдин өмүр баяны:
Каныбек Иманалиев 1969-жылы 11-майда Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. 1987-1989-жылдары Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн.
Билими жогору. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1998-жылы Россиянын президентинин алдындагы Россиялык мамлекеттик кызмат академиясын “саясат таануу” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1992 – 1994 — “Асаба” гезитинин кабарчысы
1994 – 1995 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын референти
январь, 1996 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын жетекчиси
июль, 1996 – декабрь, 1999 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын маалымат катчысы
декабрь, 1999 – декабрь 2004 — “Учкун” АКнын президенти
2000 – 2005 — Бишкек шаарынын №2 Жайыл шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитеттин мүчөсү
2005 – 2007 — №62 Аламүдүн шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты
2008 – 2009 —ТИМдин Дипломатиялык академиясында окутуучу
декабрь, 2008 – ноябрь, 2010 — Кыргызстан-Россия Славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору
октябрь, 2010 – 2015 — “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы
октябрь, 2015 – 2021 — “Ата Мекен” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешктин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз