Жогорку Нарын ГЭС каскадын кура турган компаниянын аты аталды 

Жогорку Нарын ГЭС каскадын кура турган компаниянын аты аталды 

Энергетика министрлиги менен британиялык “MINDDOCK LIMITED DBA Enterprise Energy Investments” компаниясынын ортосунда Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу долбоору өзүнө 4 гидроэлектрстанцияны (Акбулуң, Нарын-1,2,3) камтыйт, алардын жалпы орнотулган кубаттуулугу 237,7 МВт жана жылдык орточо иштеп чыгуусу 942,4 млн киловатт-саатты түзөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу электр энергиясынын тартыштыгын жоюу долбоорунун бир бөлүгү экенин белгиледи.

“Күндөн-күнгө электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Биз энергетиктер калкка электр энергриясын үзгүлтүксүз беришибиз керек. Буга байланыштуу Жогорку Нарын ГЭС каскадын курсак, Нарын жана Ысык-Көл зоналарында электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүү, КР энергосистемасынын коопсуздугу боюнча талаптарды сактоо, региондордо электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтууга шарт түзүлөт деген ойдомун”, — деди Ибраев.

Меморандум кол коюлган күндөн тартып 2023-жылдын 15-апрелине чейин күчүндө болот. Эгер тараптар меморандумга ылайык милдеттерди аткарбаса, көрсөтүлгөн датада автоматтык түрдө күчүн жоготот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>