Жаңы билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин өмүр баяны

Жаңы билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин өмүр баяны

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеште экс-депутат Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги жактырылды.

Анын талапкерлигин 77 депутат колдоп берди.

Каныбек Иманалиевдин өмүр баяны:

Каныбек Иманалиев 1969-жылы 11-майда Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. 1987-1989-жылдары Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн.

Билими жогору. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1998-жылы Россиянын президентинин алдындагы Россиялык мамлекеттик кызмат академиясын «саясат таануу» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1992 – 1994 — «Асаба» гезитинин кабарчысы

1994 – 1995 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын референти

январь, 1996 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын жетекчиси

июль, 1996 – декабрь, 1999 — Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматынын маалымат катчысы

декабрь, 1999 – декабрь 2004 — «Учкун» АКнын президенти

2000 – 2005 — Бишкек шаарынын №2 Жайыл шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитеттин мүчөсү

2005 – 2007 — №62 Аламүдүн шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты

2008 – 2009 —ТИМдин Дипломатиялык академиясында окутуучу

декабрь, 2008 – ноябрь, 2010 — Кыргызстан-Россия Славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору

октябрь, 2010 – 2015 — «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы

октябрь, 2015 – 2021 — «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешктин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Парламент Каныбек Иманалиевдин министр болушун колдоду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>