Жаңы жыл майрамына карата Кыргызстанда 10 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартип жана коопсуздукту карайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, милиция 30-декабрдан 2-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт.
Бүгүн өлкө боюнча, анын ичинде Бишкекте милиция кызматкерлеринин саптык кароолору болуп өттү. Анда милициянын майрам күндөргө карата даярдыгы текшерилди.