Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
“Слова пацана” сериалынын актеру адам өлтүрүүгө шектелүүдө
26.12.2023 | 14:21
“Слова пацана” сериалынын актеру Сергей Базанов адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу орус медиасы жазып чыкты.
Маалыматта кылмыш 2011-жылы болгону айтылат. Тергөөнүн билдирүүсүндө, Базанов үч адам менен бирге Москва шаарында ишкерге кол салып, акчасын тоноп кетишкен. Ишкер октон жаракат алып ооруканага түшүп, көп өтпөй көз жумган. Кылмыштын күбөсү Сергей Базановду таанып көрсөтмө берген.
Сергей Базанов эки айга камалды.
Ал кесипкөй актер эмес, бокс жана кикбокс боюнча машыктыруучу. Чакыруу менен гана сериалга тартылып, Демид аттуу каармандын ролун аткарат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом