БШКга Улан Сариевге депутаттык мандатты тапшырдыКыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдү
Акылбек Жапаров жасалма диплому барларга көрүлгөн чараларды айтты
13.06.2022 | 13:32
Жасалма диплом менен иштеген кызматкерлердин барын кетирип жатабыз. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 13-июнда митингчилер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, коррупцияга тиешеси бар адамдар казынага каражатты кайтарып берүүдө.
“Өткөн жылы коррупция менен күрөшүү иштеринин жыйынтыгында 7 млн 600 миң сом бюджетке түштү. Бул каражаттар эми майыптыгы бар адамдарга жана жардамга муктаж адамдарга жумшалат. Бул иштер дагы деле уланып жатат. Жасалма диплом менен иштеген бардык кызматкерлерди кетирип жатабыз”, – деди А.Жапаров.
Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында бир учурда 3 митинг өттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом