Жапаров: Жасалма интеллект тынчтыкка жана адам өмүрүн коргоого гана кызмат кылууга тийиш
Президент Садыр Жапаров жасалма интеллект (ЖИ) технологиялары тынчтыкты орнотууга, чыр-чатактардын алдын алууга жана адам өмүрүн коргоого багытталышы керектигин билдирди. Бул тууралуу ал 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык» темасындагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул технологиялар менен кошо жаңы коркунучтар да пайда болуп жатканын, айрыкча аскердик максатта колдонуу, автономдуу курал системаларын иштеп чыгуу, киберкоопсуздук жана дезинформация маселелери эл аралык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратарына токтолду.
“Бул тобокелдиктер эл аралык коомчулуктун ишенимине доо кетирет, стратегиялык туруктуулукка шек келтирет жана жаңы жаңжалдарга себеп болушу мүмкүн”, — деп баса белгиледи Жапаров.
Ал Кыргызстанда жасалма интеллектти мамлекеттик башкарууга жана экономиканын негизги секторлоруна киргизүү иштери жүрүп жатканын, 2024–2028-жылдарга карата Санарип трансформация концепциясынын алкагында улуттук ЖИ платформасы түзүлөрүн кошумчалады.
Президент ошондой эле Кыргызстан эл аралык коомчулукту жасалма интеллектти жоопкерчилик менен пайдалануу боюнча глобалдык стандарттарды жана эрежелерди иштеп чыгууга чакырарын билдирди.
Садыр Жапаров Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун жана шайланып калса, тынчтыкты камсыз кылууда ЖИ технологияларын колдонууну илгерилетүүгө салым кошууга даяр экенин билдирди.