Жапон өкмөтү Чүйдөгү он ооруканага заманбап медициналык жабдууларды берди

10.09.2025 | 16:56

Чүй облусундагы он ооруканага заманбап медициналык техникалар: рентген-аппараттар, УЗИ системалары жана башка жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жабдуулар жапон өкмөтүнүн гранттык жардам программасынын алкагында Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен жеткирилди. Жабдуулардын жалпы баасы 999 млн жапон иенин (болжол менен 7,5 млн доллар) түзөт.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жапониянын өкмөтүнө жана JICAга Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумуна үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Жеткирилген жабдуулар жугуштуу эмес оорулардын диагностикасын жана дарылоосун жакшыртып, Бишкек жана Чүй облусунун жашоочулары үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат”, – деди министр.

Scroll to Top