Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Ошто унаа токтоочу жайы жок кафелерди жарыксыз жана суусуз калтыруу чечими кабыл алынды
10.09.2025 | 17:06

Ош шаарынын борборундагы коомдук тамактануучу жайлар жеке унаа токтотуучу жайларды курууга милдеттүү. Бул тууралуу шаар мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык кеңештин сессиясында билдирди.
Анын айтымында, талап биринчи кезекте шаардын так ортосунда жайгашкан «Исламбек», «Атабек», «Жаңы-Доор» сыяктуу кафелерге тиешелүү.
«Биз буга чейин кафе ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Эгерде алар унаа токтотуучу жайларды курбаса, электр жарыгын өчүрөбүз. Тилекке каршы, айрымдары биздин эскертүүлөрүбүздү аткарышкан жок. Аларды электр энергиясынан өчүрүүгө аргасыз болобуз», — деди мэр.
Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, борбордук бөлүктөгү кафе-ресторандардын иштеши үчүн унаа токтотуучу жайдын болушу милдеттүү шарт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом