Стамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)
Жарандын телефонун “чалып алайын” деп алып, уурдап кеткен шектүү кармалды
21.12.2023 | 16:50
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-декабрда милицияга С.И. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ноябрь айында А. аттуу чала тааныш адам iPhone 11 Pro телефонун “чалып алайын” деп алып, андан кийин качып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Ж.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.