Ошто 15 жаштагы кыз психотроптук дары ичип, өз жанын кыюуга аракет кылган

Ошто 15 жаштагы кыз психотроптук дары ичип, өз жанын кыюуга аракет кылган

Ош шаарында дарыканадан психотроптук дары сатып алган 15 жаштагы кыз өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Милиция аныктагандай, өспүрүм кыз Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү «Мир жана Нур» дарыканасынан 4 даана психотроптук дары сатып алган. Дарынын баарын колдонуп, өз жанын кыюуга аракет кылган кыз оор абалда Ош шаардык ооруканасына 17-декабрда жеткирилген. Дарыгерлер ага жардам көрсөтүп, ажалдан сактап калган. Өспүрүм кыз буга чейин да ошол эле дарыканадан психотроптук дарыны сатып алып, пайдаланып жүргөндүгү белгилүү болгон.

Териштирүү учурунда аталган дарыканада иштегендер жарандарга, анын ичинде өспүрүмдөргө психотроптук дарыларды сатып жүргөндүгү аныкталган.

Милиция аталган дарыканада писхотроптук дарыларды сатуу фактысын тактоо үчүн атайын «сатып алуучуну» жөнөткөн. Дарыканадагы кызматкер «сатып алуучуга» 900 сомго 2 түрдөгү 3 даана писхотроптук дарыны саткан. Дарыканадагы мыйзамсыз аракеттер фото-видеого түшүрүлүп, сатып алган адамдын көрсөтмөсү алынган.

«Учурда Ош шаардык милициянын баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан тиешелүү материалдар чогултулуп, Ош шаарындагы “Мир и Нур” дарыканасынын кызматкерлерине тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына жана Оштогу дары-дармек жана медициналык шаймандар департаментине жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Милициядан белгилешкендей, буга чейин да «Мир жана Нур» дарыканалар түйүнүнүн бир бөлүмүндө психотроптук дарыларды рецептсиз сатканы аныкталган.

 

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>