Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Быйыл 11 айда мал базарларга 160 миң сом айып пул салынды
21.12.2023 | 17:20
Кыргызстанда 2023-жылдын 11 айында ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген 16 мал базарга жалпысынан 160 миң сом айып салынды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйында билдирди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында жалпысынан 45 мал базары иштейт, алардын 20сы ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербейт.
“Аламүдүн, Жайыл, Ноокен, Аксы, Кочкор, Чоң-Алай, Тогуз-Торо райондорунун акимдерине, Каракол, Кызыл-Кыя шаарларынын мэрлерине мыйзам бузууларды жоюу жана базарлардын ишин токтотуу боюнча көрсөтмөлөр берилди. Кошумчалай кетсек, жакында эле Токтогул районундагы мал базардын иши токтотулган”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом