Жээнбеков: Бишкеке аскерлерди жана бронетехниканы алып кирүү керек

Жээнбеков: Бишкеке аскерлерди жана бронетехниканы алып кирүү керек

Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев менен өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында болуп, анда жаңы дайындалган жетекчи Таалайбек Өмүралиев менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады.

Анда Жээнбеков учурдагы башкы милдет Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун жана коомдун тынчтыгын камсыздоо экендигин белгилеген.

«Бишкек шаарында бүгүн кечки саат 20.00дөн тартып өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койдум. Учурдагы кырдаалга жараша, биз тез арада абалды колго алып, тынчтыкты бекемдөөгө милдеттүүбүз. Шаарда кагылышууларды болтурбоо максатында өздүк курамды бронетехника менен алып чыгып, блокпостторду орнотуу зарыл», — деген Сооронбай Жээнбеков..

Мындан тышкары, саясий чакырыктардан бөлөк да коомду бүлүккө салган чакырыктар болуп жаткандыгын кошумчалаган.

«Шаар тургундары жана мекендештерибиз ар кандай саясий күчтөрдүн курмандыгы болуп калбашы керек. Ал үчүн мен, Мамлекет башчысы катары, конституциялык укуктарымдын  негизинде болгон аракетти жасайм. Элдин тынч жашоосу, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга милдеттүүбуз. Өлкөнүн бардык акыл-эстүү күчтөрү мени колдойт деп ишенем», — деген Жээнбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>