«Женгонун» тобундагы балдардын бири өлкөдөн чыгып кетейин деп жатканда кармалды

«Женгонун» тобундагы балдардын бири өлкөдөн чыгып кетейин деп жатканда кармалды

Кылмыш чөйрөсүндө «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалган жаран А.У.Ж. 32 жашта. Ал буга чейин адам өлтүрүү үчүн соттолгон.

Былтыр октябрь айында уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жарыяланганда, аталган жарандын Жалал-Абаддагы үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында кесилген мылтык жана ок-дарылар табылып алынган. Бирок ошол кезде А.У.Ж. укук коргоо органдарынан изин жашырып кетүүгө жетишкен.

Жакында эле, 2-сентябрда ал «Ак-Жол» өткөрмө бекети аркылуу Казакстанга чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда, УКМК тарабынан колго түшүрүлгөн.

Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

УКМК шектүүнүн кылмыштуу аракетинен жабыркагандар болсо же маалыматы бар жарандарды, 0995 01 22 10 (WhatsApp) номерине кабар берүүсүн суранат.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>