Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
“Жерге өзүм жатып алгам”. Сокулукта күйөөсүнөн токмок жеген аял арыз жазуудан баш тартты
21.07.2022 | 13:05
Кечээ Сокулукта күйөөсү аялын токмоктоп жаткан окуя боюнча Чүй облустук милициясы түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, жубайлардын өздүгү такталып, аял жолдошунун үстүнөн арыз жазуудан баш тартты.
“1979-жылы туулган К.И. аттуу жаран суралып, ал Сокулук айылында үй-бүлөсү менен чогуу жашаарын билдирген. Ошондой эле 2022-жылдан 19-июлунда болгон окуя боюнча, аялы менен пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин жана ага таарынып аялы көчөгө чыгып кеткен себептен анын артынан эшикке чыгып колунан кармап жетелеп келе жаткан учурда ал кулап жерге отуруп алгандыгын билдирген. Ы.А. аттуу аял жолдошу И.К. эч кандай зомбулук кылбаганын айтып жолдошуна арыз жазуудан баш тарткан”, – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом