Борбор Азия лидерлери Ысык-Көлгө кандай учак менен келишти? (сүрөт)

Борбор Азия лидерлери Ысык-Көлгө кандай учак менен келишти? (сүрөт)

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 21-июлда, Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу башталды.

Жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери – Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.

21-июлда  президент Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедовдун учагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна конду.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда келишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: саммит

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>