«Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева кызматтан кетүүнү чечти. Маалыматты Каракеева өзү Reporter.kg’ге тастыктады.
Анын айтымында, 20 -сентябрда өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Ал ошондой эле кызматтан кетиши «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун кызматтан алынышына байланыштуу экенин ырастады.
Алдыдагы парламенттик шайлоого катышабы же жокпу деген суроого ага сунуштар болгону менен саясатка кызыкпаганын айтты.
Эске сала кетсек, аталган ишканын милдеттерин убактылуу аткаруу директордун орун басары А. Дыйканбаевге жүктөлгөн.