«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Жибек Каракеева эмне үчүн “Тазалыктан” кеткени белгилүү болду
21.09.2021 | 15:01
“Тазалык” ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева кызматтан кетүүнү чечти. Маалыматты Каракеева өзү Reporter.kg’ге тастыктады.
Анын айтымында, 20 -сентябрда өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Ал ошондой эле кызматтан кетиши “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун кызматтан алынышына байланыштуу экенин ырастады.
Алдыдагы парламенттик шайлоого катышабы же жокпу деген суроого ага сунуштар болгону менен саясатка кызыкпаганын айтты.
Эске сала кетсек, аталган ишканын милдеттерин убактылуу аткаруу директордун орун басары А. Дыйканбаевге жүктөлгөн.

Рубрики: Жаңылыктар, Саясат