ЖК комитети Азербайжанга 17,24 га жерди ижарага берүүнү колдоду

ЖК комитети Азербайжанга 17,24 га жерди ижарага берүүнү колдоду

Бүгүн, 11-сентябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында министрлер кабинети жана Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашуунун долбоорун Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды. Ал билдиргендей, 5 жылдыздуу мейманкананы Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында куруу пландалууда. Ал үчүн көл жээгинен 17,24  гектар жер  бөлүнүп берилүүдө. Анын ичинен 4,92 гектары парк, пляж болмокчу. Ал эми 12,32 гектарында курулуш иштери жүргүзүлөт.

Белгилүү болгондой, 17,24 гектар жер Азербайжанга 49 жылга ижарага берилип, кийин анын мөөнөтү дагы узартылышы мүмкүн.

Азербайжан тарап Кыргызстанга мейманканага бара турган эки тилкелүү асфальт жол, андан тышкары курулуш иштери учурунда оор автоунаалар өтүүсү үчүн техникалык жол салып берүү талабын койгон. Ал үчүн каражатты Кыргызстан тарап бөлөт.

Талкуудан кийин комитет аталган макулдашуунун долбоорун колдоду.

Ысык-Көл: 17 га жерди Азербайжанга 49 жылга ижарага берүү пландалууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>