15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалдыПарламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп таптыКыргызстанда ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1,2 млн долларга вакцина сактоочу кампа курулатАйыл чарба министрлиги менен нидерланддык компаниялар үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташууга кол коюшту
ЖКда педофилдердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору каралат
07.06.2022 | 08:31
Балага карата жыныстык зомбулук көрсөткөн кылмышкердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору бүгүн 7-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде экинчи окууда каралат.
Кылмыш-жаза кодексине жана мунапыс берүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү караган бул документ өткөн айда биринчи окууда бир добуштан кабыл алынган.
Эгер мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса, педофилдер мунапыс ала албайт, аларга “кылмыштын мөөнөтү өттү” деген аныктама колдонулбайт, психикалык жактан оорулуумун деп ооруканага жатабы-жокпу, жазасын өтөөгө милдеттүү болот.