«Сапаттын» үч мектеби Агартуу министрлигине өткөрүлүүдөЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмаштыОшто жашылча-жемиштерди тоңдура турган логистикалык борбор ачылатАКШнын миграциялык борборлорунда кармалгандардын саны рекорддук деңгээлге жеттиЫсык-Атада 4 жашар наристеге зомбулук фактысы катталдыКыргызстанда тарыхта биринчи жолу гектарынан 120 тонна помидор алынды
Жогорку Кеңеш өткөн айда бюджеттен эки эсе көп каражат чыгымдады
15.09.2022 | 14:45
Август айында Жогорку Кеңешти күтүүгө бюджеттин чыгашасы 115 миллион 265,3 миң сомду түздү. Мындай маалыматтар республиканын Финансы министрлиги тарабынан берилди.
Анын ичинен 95 млн 495,4 миң сом, же жалпы сумманын 82,8% эмгек акы төлөөгө кеткен. Ошондой эле чыгашалардын ири статьялары социалдык фондго чегерүү – 15 млн 129,9 миң сом жана товарларды сатып алуу жана кызмат көрсөтүү – 4 млн 231,6 миң сом болду.
Кошумчалай кетсек, алгач кассалык план боюнча Жогорку Кеңештин жалпы чыгашалары 49 миллион 663,2 миң сом деңгээлинде пландаштырылган. Кийинчерээк план 59 миллион 111,5 миң сомго көбөйтүлгөн.
Ошентип, өсүштү эске алганда да парламенттин реалдуу чыгашалары август айында пландан дээрлик эки эсеге (1,9 эсеге) ашты.
Биздин Телеграм каналга катталыңы
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика