Жеңилүү мен үчүн сабак болду, — Айсулуу Тыныбекова

Жеңилүү мен үчүн сабак болду, — Айсулуу Тыныбекова

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады.

“Чемпиондор!  Акжол, Жоламан жана Амантур силерди жеңишиңер менен чын жүрөктөн куттуктайм! Мен, биздин жетишкендиктерибиз жана спортчуларыбыз менен сыймыктанам! Ошондой эле бул ийгиликтердин башталышы гана экенин ишенимдүү түрдө айта алам.

Мен дагы дүйнөнүн үч жолку чемпиону болуп күйөрмандарыма майрам тартуулайлы дедим эле, тилекке каршы эки жолу жеңишти камсыздап үчүнчүсүндө алдырып жибердим.

Көпчүлүк мени капа болуп жатат деп ойлоп, тынчсызданып жатышат. Бирок, андай эмес. Билесиңерби, мен бул окуяга тескерисинче бир аз кубандым. Анткени, бул жеңилүү мен үчүн сабак болду. Дагы да көп иштешим керек экенин сездим Өзүм менен күрөшөм, күчтүү экенимди билем, баарына чыдайм”, — деп жазган балбан кыз.

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын куржунуна үч медаль топтолду. Чемпионаттын алгачкы күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) алтын утса, экинчи күнүнө Амантур Исмаилов (67 кг) коло жеңди. Ал эми Жоламан Шаршенбеков (60 кг) үчүнчү, жыйынтыктоочу күндө өз өлкөсү үчүн дагы бир алтын байгени алып келди.

Биздин Телеграм каналга катталыңы
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>