Айсулуу Тыныбекова уул төрөгөнүн жарыяладыИранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдүАйпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Жол эрежесин 143 жолу бузуп, айыппул төлөбөй жүргөн айдоочу кармалды (видео)
12.03.2025 | 09:00
Чүй облусундагы айланма жолдон 143 жолу жол эрежесин бузуп, айыппулду төлөбөй жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 9-мартта рейд маалында айланма жолдон чет элдик номер тагылган “Хюндай Солярис” унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда, унаанын ээси 143 жолу жол эреже бузганы “Коопсуз шаардын” камераларына түшүп калганы, ал айыппулдарды төлөбөй жүргөнү аныкталган. Ага байланыштуу айдоочуга тиешелүү протокол түзүлүп, унаасы айып короого коюлган.
Аталган башкармалык белгилегендей, эми айдоочу айыппулдарды толук төлөмөйүнчө, унаасы айып короо жайынан чыгарылбайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом