Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттикте бюджеттик бузуулар аныкталды
12.03.2025 | 09:34
Эсептөө палатасы Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте жалпы 1 млн сомдон ашык акчага бузуулар аныкталганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, агенттикте жана анын бөлүмдөрүндө 2021-2023-жылдарда бюджеттин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында жалпы 1 миң 21,5 миң сомго бузуулар аныкталган:
- Агенттиктин окуу борбору уюштурган курстардын баасы негизсиз жогорулатылган. Ар бир курс үчүн 2,3 миң сомдон эсептелип, жалпы 427,6 миң сом ашыкча эсептелген.
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөр өз убагында жана толук эмес чегерилбей, анын ичинде бюджет жана социалдык төлөмдөр боюнча бересе 214,3 миң сомго жеткен.
- Эмгек акы боюнча мөөнөтү өткөн кредитордук карыздардан улам келип чыккан процедуралык мүнөздөгү бузуулар – 379,6 миң сом
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат