Кыргызстандагы журналистика тармагындагы жыл сайын өтүүчү «Умтулуу-2024» сынагына материалдарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Internews билдирди.
Ага материалдар 30-сентябрга чейин кабыл алынат.
Интерньюс сынакка бардык медиа форматта даярдалган, сапаттуу журналисттик материалдардын авторлорун сыйлайт. Материалдар төмөнкү темаларда болуусу керек: «Коомдук кызыкчылык», «Тынчтык жана ынтымак”, «Балалыкты коргоо», «Айлана-чөйрөнү коргоо» «Маданият жана агартуу» «Аракеттү инсан».
Сынактын лауратын атайын комиссия аныктайт.
Ага медианын түрүнө карабастан 2023-жылдын 1-январынан 2024 -жылдын 31-августуна чейинки (1жыл 8 айлык) аралыкта биринчи жолу жарыяланган журналисттик материалдардын авторлору катыша алышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз