Ырчы Аскат Жетиген 2 айга камакка алынды

Ырчы Аскат Жетиген 2 айга камакка алынды

Ырчы, акын жана активист Аскат Жетиген эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой,  УКМКнын тергөөчүсү ырчы Аскат Жетигенди тергөө аяктаганча 19-майга чейин камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирген. Сот өтүнүчтү канааттандырган.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген.

Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды чыгарып келген. Анын ичинде кумаркананы иштетүү, тууну өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган.

15-мартта ал бийликти сындап, каарып-сөккөн видеокайрылуусун чыгарган. Бул видеодон кийин эле 16-мартта УКМКнын кызматкерлери Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Бирок ал 15-марттагы эмес, ага чейинки видеокайрылуусу үчүн 2022-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоо» деген айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бирок Аскат Жетиген 20-мартта УКМК тарабынан кайра кармалып, бул ирет ага 15-марттагы видеосу себеп болгон.

Жактоочу Венера Буудайбекова «Азаттыкка» билдиргендей, Аскат Жетигендин 15-марттагы жасаган видеокайрылуусу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыгып, анын негизинде акынга «массалык баш аламандыктарга чакырыктар» беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>