Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды

Башкы прокурордун биринчи орун басары Чыңгыз Ахматов баштаган Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын делегациясы 12–13-ноябрда Душанбеде өткөн коррупцияга каршы иш-чараларга катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Тажикстанда Тажикстандын мамлекеттик финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү органдарынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган II Душанбэ эл аралык коррупцияга каршы форуму жана Борбор Азияда БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын ишке ашырууну тездетүү боюнча аймактык платформанын катышуучуларынын III жылдык конференциясы өттү.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү коррупциянын алдын алуу жана коррупциялык кылмыштарды тергөө, санариптик технологияларды киргизүү, эл аралык сунуштарды аткаруу жана коррупцияга каршы улуттук системалардын иши боюнча маселелерди талкуулашты.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү өлкөдөгү коррупцияга каршы саясат, коррупциянын алдын алуу чаралары жана бул багытта мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу баяндамаларды жасашты.