Бишкекте онкологиялык оорусу бар балдардын ата-энелери үчүн 70 орундуу пансион курулууда

21.11.2026 | 13:10
Бишкекте онкологиялык оорусу бар балдардын ата-энелери үчүн 70 орундуу пансион курулууда — Новости Кыргызстана

Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында онкологиялык оорулардан дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулуп жатат. Бул тууралуу КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен (КР Курулуш министрлиги) билдиришти.

Мекемеден такташкандай, имарат 70 орунга ылайыкталган. Долбоордо эки орундуу 14 бөлмө, төрт кызматтык кабинет, конференц-зал, спорт зал, ашкана, кир жуучу жай, санитардык бөлмөлөр, кампа жайлары жана сыйынуу бөлмөсү каралган.

Курулуш министрлиги ошондой эле курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымдады:

• А блогунда кабат аралык плиталарды монтаждоо аяктады;
• Б блогунда колонналар орнотулду;
• В блогунда плиталарды бетондоо аяктады.

Пансионду курууга каражат президенттин Стабилизациялык фондунан бөлүнгөн.

Scroll to Top