Кыргызстандагы банктардын кредиттик портфели тогуз айда 29,9%га өстүЧүйдө унаа жолго сапатсыз асфальт төшөлгөн. Ишканага жолду кайра жасоо тапшырылдыКыргыз улуттук кинематографиясынын негизделгенине 85 жыл толдуБишкектеги унаа жуучу жайда айдоочу люктан чыгып келе жаткан жумушчуну сүзүп кетип, ал каза болдуБишкектин Новопавловка айылынын бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКРда каржы пирамидаларын жарнамалаганы үчүн блогерлерге айып пул салуу сунушталууда
Чүйдө унаа жолго сапатсыз асфальт төшөлгөн. Ишканага жолду кайра жасоо тапшырылды
17.11.2026 | 11:15

Чүй облусундагы Чапаев – Кегети – Арпатекир унаа жолуна асфальт сапатсыз төшөлгөнү аныкталып, жумушту аткарган ишканага айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин аймактык башкармалыгы жүргүзгөн. Анда аталган жолдун 3,2 чакырымдык тилкесинде асфальттоо иштери курулуш ченемдерин жана техникалык талаптарды бузуу менен аткарылганы аныкталган.
Жыйынтыгында подрядчы «Дол Нур ЛТД» ишканасына карата акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилген. Ошондой эле аталган уюмга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Министрлик аталган ишкана сапатсыз басылган асфальт-бетон катмарын алып, жолду кайрадан төшөп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом