Кыргызстанда үй-бүлөлүк талаштар боюнча сотко кайрылууну жөнөкөйлөтүүнү каалашат

21.11.2026 | 13:45
Кыргызстанда үй-бүлөлүк талаштар боюнча сотко кайрылууну жөнөкөйлөтүүнү каалашат — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда жарандар өз жашаган жери боюнча сотко кайрыла алчу үй-бүлөлүк талаш-тартыштардын тизмесин кеңейтүү сунушталууда. Жарандык процесстик кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндө тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Эркеайым Сейтказиева иштеп чыкты.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, демилге сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана жашы жете элек балдардын укуктарын коргоого багытталган.

Мыйзам долбоорунун авторунун айтымында, азыр Жарандык процесстик кодекс үй-бүлөлүк талаш-тартыштардын айрым категориялары боюнча гана доогердин жашаган жери боюнча доо арыз берүүгө уруксат берет. Тактап айтканда, бул алимент өндүрүүгө, аталыкты аныктоого, ата-энелик укуктардан ажыратууга же аларды чектөөгө тиешелүү.

Бирок үй-бүлөлүк талаш-тартыштар ушул маселелер менен гана чектелбейт. Ата-энелер баланын жашаган жерин, аны тарбиялоого катышуу тартибин аныктоо, чет өлкөгө чыгуу маселелерин чечүү жана балдардын башка кызыкчылыктарын коргоо үчүн да сотко кайрылууга аргасыз болушат.

Мындай учурларда аймактык соттуулуктун жалпы эрежелери доогерлерди жоопкердин жашаган жери боюнча сотко кайрылууга мажбур кылышы мүмкүн.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, бул кошумча кыйынчылыктарды жаратат, айрыкча ата-энелер ар башка калктуу конуштарда жашаган учурда. Сот отурумдарына катышуу жол киреге жана жашап турууга кеткен чыгымдарды талап кылат, ошондой эле убакытты алат. Айрыкча жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан ата-энелерге оор болот.

Демилгенин автору доогердин жашаган жери боюнча доо арыз берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү бул чыгымдарды кыскартып, балдардын укуктарын коргоону жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Доогердин жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк укуктук мамилелерден келип чыккан бардык доо арыздарды, анын ичинде төмөнкүлөр менен байланышкан доо арыздарды берүүгө уруксат берүү сунушталууда:

  • алимент өндүрүү;
  • аталыкты таануу;
  • ата-энелик укуктардан ажыратуу же чектөө;
  • баланын жашаган жерин аныктоо;
  • баланын чет өлкөгө чыгуусу;
  • баланы тарбиялоо жана багуу;
  • жашы жете элек балдардын башка укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.

Бул укуктан балдары менен бирге жашаган ата-энелер, ошондой эле камкорчулар жана көзөмөлчүлөр пайдалана алышат.

Ошентип, жарандар кодекстин колдонуудагы редакциясында каралган категориялар менен гана чектелбестен, үй-бүлөлүк талаш-тартыштардын кыйла кеңири чөйрөсү боюнча сотту тандоо мүмкүнчүлүгүн алышат.

Ошол эле учурда мыйзам долбоору аймактык соттуулуктун жалпы эрежелери боюнча сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт, тескерисинче, доогердин сотту тандоо укугун кеңейтет.

Анара Мамытова

Scroll to Top