Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерине, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарына жана Таласта жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерине кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.
Жолдор карга толуп, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн -10…-15
күндүз -3…-8
Талас району
түнкүсүн -13…-18
күндүз -2…-7
Баткен облусу
түнкүсүн -2…-7
күндүз 0…-5
Ош жана Жалал-Абад облустары
түнкүсүн -2…-7
күндүз 0…-5
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -7…-12
күндүз 0…-5
Нарын облусу
түнкүсүн -12…-17
күндүз -6 … -11.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -13…-15°, күндүзгү жогорку температурасы -6…-8° болот.
Телеграм каналыбызга катталыңыз