Кара-Балтада ишкерди өлтүргөн киши колго түштү

Кара-Балтада ишкерди өлтүргөн киши колго түштү

Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-декабрында Жайыл районундагы гараждардын жанынан 1973-жылы туулган Х.И.нын (ишкер) сөөгү табылган.  Анын башынан ок тийип каза болгону аныкталган.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыштын негизинде Жайыл районунун ИИБге катталып, кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө 8-декабрь күнү бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган  Д.Б. атуу жаран кармалып,  райондун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул киши өлтүрүү таарынычтын негизинде жасалган, анткени 2022-жылдын июнь айында жабырлануучу Х.И. унаасы менен жөө жүрүүчү шектүү Д.Б.ны сүзүп кеткен. Андан соң күнөөсүн мойнуна албай, сөгүнгөн боюнча окуя болгон жерден чыгып кеткен.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Кара-Балтада ишкерди атып кетишти. Милиция эмне дейт?

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>