Журналисттика ары кызыктуу, ары түйшүктүү кесип. Иш боюнча журналисттер түркүн адамдар менен баарлашып, түрдүү окуяларга туш болот. Журналисттердин чыгармачылык ишин колдоо, шык берүү үчүн президент тарабынан «Мейкин» сыйлыгы түзүлгөн. Ал быйыл алгач ирет тапшырылат.
Сыйлыкка ат салышуу үчүн 200дөй журналист өз эмгектерин жөнөтүп, сынакка катышкан. Аларды иргеп, татыктууларын тандоо үчүн мамлекеттик органдардан 2 киши жана көз карандысыз медиалардан жана окуу жайлардан 9 өкүл кирген комиссия иш алып барды. Жакында комиссия ишин жыйынтыктап, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынактын жобосуна ылайык журналисттерге 10 номинация боюнча 1 млн сомдон акчалай сыйлык берилет.
Жеңүүчүлөрдүн аттары 17-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкектеги Опера жана балет театрында өтө турган иш-чарада айтылып, сыйлыктар тапшырылат.
«Мейкин» сыйлыгынын номинациялары: «Бир эл — бир түндүк», «Керемет Кыргызстан», «Салык — өнүгүүгө салым», «Таза Мекен», «Билим — келечек», «Куттуу элет», «Мекен жана мен», «Мекендештер», «Кыргызстанда иштеп чыгарылган», «Сергек жашоо».