Кыргызстандын футбол курамасы Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңдиОрусияда COVID-19дун ар кандай штаммдарынан коргоочу вакциналар иштелип чыктыЧүйдө киши көчөдөгү адамдарды аткан: эки бала жарадар болду18-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөт
Чүйдө киши көчөдөгү адамдарды аткан: эки бала жарадар болду
18.11.2026 | 10:01

Чүй облусунда өтүп бара жаткан адамдарга пневматикалык мылтыктан ок атууга шектелген жаран кармалды. Анын кесепетинен эки өспүрүм жаракат алганын облустук ИИББден билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 17-ноябрда Чүй райондук ооруканасынан октон жаракат алган эки бала — 13 жаштагы Т. Р. жана 11 жаштагы А. А. тууралуу билдирүү түшкөн.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү — 24 жаштагы Т. У. аттуу жаран аныкталып кармалган. Ал өз ыктыяры менен 4,5 мм калибрдеги «Hatsan AirTact» үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыкты өткөрүп берген.
«Алдын ала маалымат боюнча, ал 17-ноябрда саат 18:30 чамасында көчөгө мылтык менен чыгып, өтүп бара жаткан адамдарды аткандыгын мойнуна алган. Шектүү Чүй РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти милициядан.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар