Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлери
Кыргызстандык дзюдочулар Япониядагы мелдешке катышат
06.12.2024 | 14:59
Кыргызстандык дзюдочулар Япониянын Токио шаарында өтө турган TOKYO GRAND SLAM мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 7-8-декабрда өтөт. Ага Кыргызстандан 4 спортчу барат.
Курам команданы тизмеси:
– Муса Шабданбеков (73 кг);
– Ратбек Жуманазаров, Чыңгызхан Сагыналиев (81 кг);
– Анарбек Ишенбаев (90 кг);
Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Эркин Ибрагимовдун жетекчилиги алдында катышат.