Кыргыз режиссеру Артыкпай Сүйүндүков АКШда «Ак илбирс» сыйлыгына татыды

Кыргызстандын эл артисти, кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков АКШда өткөн XII Бүткүл дүйнөлүк азиялык кинофестивалда кинематографияга кошкон салымы үчүн «Ак илбирс» (Snow Leopard Lifetime Achievement Award) атайын сыйлыгына татыды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, сыйлык тапшыруу аземи 19-ноябрда (Бишкек убактысы боюнча 20-ноябрда) Калифорния штатынын Лос-Анджелес шаарында өттү.
Такталгандай, сыйлыкты кыргыз режиссеруна Брюс Ли менен иштешкен Америка киноискусство жана илимдер академиясынын (AMPAS) мүчөсү, кинопродюсер Андре Морган тапшырды.
«XII Бүткүл дүйнөлүк азиялык кинофестиваль (Asian World Film Festival) 12-ноябрдан 19-ноябрга чейин өттү. Фестиваль АКШда Азия кинематографиясын колдоого жана жайылтууга багытталган. Анын алкагында „Ак илбирс“ негизги эл аралык сынагынын жана „Азия көз карашы“ программасынын жеңүүчүлөрү аныкталып, киноиндустриянын көрүнүктүү өкүлдөрү сыйланды», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 13-ноябрда Бишкекте Артыкпай Сүйүндүков ата мекендик кинону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун «Кызыл Алма» улуттук кино сыйлыгын да алган.
Чыгармачылык жолу
Артыкпай Сүйүндүков кино тармагындагы ишин 1967-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. Алгач жумушчу, андан кийин «Караш-Караш окуясы», «Отко таазим» («Уркуя»), «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» жана «Ырдаган кесе» тасмаларын тартууда ассистент жана экинчи режиссер болгон.
1976-жылы Москвадагы ВГИКтин режиссерлук факультетин аяктаган, ал жакта профессор Сергей Герасимовдун өнөрканасында билим алган.
Сүйүндүков «Адамдардын арасында» (Болот Шамшиев менен биргеликте), «Жолдор кесилишти», «Кошокчу» жана «Шамбала» көркөм тасмаларын тарткан.
Мындан тышкары, ал «Майрам» жана «Ала-Тоодогу Нооруз» аттуу эки толук метраждуу даректүү тасманы, ошондой эле эл аралык кинофестивалдарда таанылган 20дан ашуун кыска метраждуу даректүү тасмаларды жараткан.
Актер катары «Көл» жана «Кумар» тасмаларында башкы ролдорду аткарган.
Педагогикалык ишмердүүлүгү
2000-жылдан бери Артыкпай Сүйүндүков Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде сабак берип, жаш кинематографисттерди даярдоо менен алектенип келет.
Анын көркөм жетекчилиги астында тартылган студенттердин тасмалары эл аралык кинофестивалдарда 500дөн ашуун сыйлыкка ээ болгон.